• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Таза коом” долбоорун ишке ашыруунун орточо мөөнөтү 2-3 жыл

Коом 0


Бишкек, 29-май /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. “Таза коом” долбоорун ишке ашыруунун орточо мөөнөтү 2-3 жылга барат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Анын айтымында, “Таза коом” өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү Улуттук стратегиясын күтпөйт. “Таза коом” долбоорун ишке ашыруунун 3-баскычы бар – бул кыска, орто жана узак мөөнөттүү. Орто мөөнөттүү баскычы жакынкы 2-3- жылда ишке ашырылат. Узак мөөнөттүүдө маалыматтык технологиялар адистерин окутуп чыгарууну пландап жатабыз”,- деди ал.

Ошондой эле, “Таза коом” долбоорунун жумушчу тобунун эксперти Марат Султанов долбоорду каржылоо 3кө бөлүнгөнүн билдирди.

“Биринчиси, бул вариантта анчалык каржылоо талап кылынбайт. Андан соң, долбоорлор өзүн актаса, анда жеке ишкерлер катышат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк варианты мүмкүн. Үчүнчүсү, өзүн өзү актабаган шартта. Алсак, 11-июнда глобалдык форум өтөт, буга өнөктөштөрүбүз келишет. Ошондой эле, БУУ башкы катчысы Антонио Гуттерешдин катышуусу күтүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

“Таза коом” долбоору кеңири жалпы улуттук долбоор. Ал Кыргызстанда жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган. Бул долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик башкаруу тутумунда айкындуулукту жогорулатууга алып келет. Долбоор жарандардыг социалдык-укуктук жашоосун камтып, алардын жашоо сапаттарын жана коопсуздугун жакшыртат. Анын ичинде электрондук мамлекеттик кызматтарды колдонууга шарт түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий