• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

“Таза Коом” долбоорун өкмөт бизнес менен ишке ашырат – Сапар Исаков

Таза Коом 0

Бишкек, 21.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Коррупция түп-тамыры менен жоюлат деп айтуу утопия. Бул тууралуу КР өкмөтүнө караштуу бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

“Мамлекеттик органдардын ишинде коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө үчүн туура тутумду түзүү керек. Бул маанилүү фактор. Биз муну өлкөнү санарипке өткөрүү менен жасап жатабыз. Бизнес жана жеке жактар маморгандардын өкүлдөрү менен бетме-бет келбеши үчүн. Жарандар кызматтарды порталдар аркылуу алып турушат ”, -деди ал.

Исаков буга байланыштуу бизнес менен биргеликте ишке ашыруучу “Таза Коом” долбоору иштелгенин белгиледи.

“Ар бир жаран технологияны колдонуусу үчүн, ар бир айылда интернет болушу керек. Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк банк менен Digital CASA долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мында 50 млн доллар бөлүнөт. Сүйлөшүүлөр натыйжалуу жүрүп жатат. Долбоор бизнес менен ишке ашат. Санарипке өткөрүүнүн басымдуу бөлүгү бизнеске байланыштуу болот. “Электрондук саламаттык сактоо”, “Акылдуу шаар” ж.б. долбоорлорду биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу менен ишке ашыра алабыз. Себеби мамлекеттин бул долбоорлорго салууга мынча каражаты жок”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий