• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Таза коом” программасына 2018-жылы 1 млрд сом каралды – Каржы министрлиги

Таза Коом 0

Бишкек, 30.11.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2018-жылы республикалык бюджеттен “Жаңы доорго – кырк кадам”, атап айтканда «Таза коом» программасын санарипке которууга 1 млрд сом каралды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын каржы министри Адылбек Касымалиев 30-ноябрда «Биринчи радионун» түз эфиринде маалымат берип жатып билдирди.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, А.Касымалиев кабыл алынган “КР 2017-жылга республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр, 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу” жөнүндө мыйзам долбоорлору тууралуу кеңири баяндама жасап, анын ичинде 2017-жылы жасалган маанилүү маселелерге токтолду.

“Таза коом” программасына 2017-жылдын бюджетинен 220 млн сом бөлүндү. Быйылкы жылга тез арада бүтө турган маселелер каралып, алар каржыланып жатат. Тактап айтсак, электрондук документ жүгүртүү, юридикалык жактарды электрондук каттоо, электрондук натариус, архивдик документтерди санариптөө, жер-жерлерде, айылдарда маалымат киоскаларын ачуу”, - деди финансы министри.

Ошондой эле ал, “Таза коом” программасынын алкагында бала бакчаларга, мектептерге электрондук түрдө кезекке туруу иш-чаралары каралгандыгын билдирип, бул маселелер келечекте коррупциялык элементтерди жоюуга дагы өбөлгө болооруна ишеним арттырды.

Пикир

Оставить комментарий