• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Таза Коом. Жаңы Доор» Улуттук стратегиясынын долбоору коомдук талкуудан өтүп жатат

Президент 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбооруна сунуштарды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кеңешменин катышуучулары Кыргызстандын жарандарынан Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын электрондук почтасына келип түшкөн, ошондой эле өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлгөн тегерек үстөлдөрдүн жүрүшүндө айтылган сунуштарды талкуулады.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгына 2018-жылдын 20-январына чейин Улуттук стратегияны долбоорун өзүнүн кароосуна киргизүү боюнча тапшырма берген. Стратегиянын жыйынтыкталган варианты 2018-жылдын февралынын акырына чейин Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында кабыл алынууга тийиш.

Стратегиянын долбоору 2017-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда негиз катары кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтына коомдук талкууга коюлган.

Пикир

Оставить комментарий