• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Таза коомдун” башкы элементтери башкаруунун жаңы модели, адам потенциалын өстүрүү - Жээнбеков

Өкмөт 0

Бишкек, 30-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Таза коом” долбоорун өнүктүрүүнүн башкы элементтери – башкаруунун жаңы модели, жаңы технологиялар жана адам потенциалын өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу “Таза коом” программасын талкуулоо боюнча эл аралык конференцияда Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, “Таза коом” долбоору бул үч багытты камтып, жаңы мүмкүндүктөрдү камтыйт.

“Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн негизги блоктор зарыл, алар бүгүнкү Форумду өткөрүүнүн өзөгүн түзөт”, - деди ал.

Премьер белгилегендей, биринчиден бул жогорку технологиялык инфраструктураны түзүү. “Биз Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгышты бириктирген Борбор Азиянын маалыматтык хабына айландыруубуз керек”, - деди Жээнбеков.

Экинчиден – долбоор Кыргызстандын бардык аймагын интеграциялоого жана адамдарга бирдей мүмкүндүктөрдү сунуштоого багытталган. Бул үчүн өлкөдө тармактуу улуттук маалыматтык түйүн түзүлөт. Өлкөнүн аймактары бирдиктүү улуттук түйүндүн бөлүгүнө айланып, глобалдык маалыматтык ресурстарга жол ачылат. Базалык шаарлар мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүнүн борборлору болушу зарыл.

Ошондой эле, үчүнчүдөн, өкмөт башчы “Таза коом” мамлекет менен калкты байланыштырган башкы элемент экендигин белгиледи. “Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз өлкөнүн бардык бурчунда жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтө алабыз. Жогорку технологияларды киргизүү коррупция маселесин чечүүнү шарттайт”, - деди өкмөт башчы.

“Төртүнчүдөн – жогорку технологиялык сектордун өндүрүштүк потенциалы чоң. Келечекте экономиканын алдыңкы тармагына айланышы мүмкүн. Буга байланыштуу, бул багытта жогорку жөнгө салуу чөйрөсүн түзүү негизги принциптердин бири экендигин белгилеп кетүү керек. Бул тармактагы жеңилдиктер сактала тургандыгын айткым келет. Бешинчиден – мынчалык күчтүү демилгени ишке ашыруу даярдыктан өткөн жана мобилдик адам потенциалын талап кылат. Бизге билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга күч-аракеттерди жумшоо зарыл. Биз өлкөнүн билим сапатын жаңы деңгээлге чыгарууну пландап жатабыз”, - деп кошумчалады С.Жээнбеков.

Алтынчыдан, өкмөт башчы маалыматтык коопсуздукка токтолду.

Премьер-министр санариптик программаны ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий