• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таза суу көйгөйү: Сауд өнүктүрүү фонду 20 млн доллар насыя берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, келишимге ылайык, Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл», - деп кошумчалады баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий