• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

“Тазалык” ишканасы борбордун көчөлөрүн жана тротуарларды тазалоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 18.01.21 /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы борбордун көчөлөрүн жана тротуарларды тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, штаттык режимде 651 көчө шыпыргыч, 121 жүктөгүч жана жүздөн ашык таштанды чыгаруучулар иштеп жатат.

Эскерте кетсек, шаардын көчөлөрүн, тротуарларын кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү боюнча арыздарды мэриянын колл-борборуна 1810 жана 1850 кыска номерлер аркылуу калтырса болот, ал эми сүрөт жана видеолорду 0554 182 185 номерине жибериңиз.

Пикир

Оставить комментарий