• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Тазалык” ишканасы күз-кыш мезгилине даярдыктарды баштады

Коом 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Кабар/. “Тазалык муниципалдык” ишканасы күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнү баштады.

Бишкек шаарынын мэриясынын билдиришинче, күз-кыш мезгили мекеме үчүн 1-ноябрда башталат. Жолдордун абалын жакшы сактоо үчүн техникалык режимди туура сактоо зарыл.

Ведомствонун планына ылайык, инженер-техник кызматкерлерден турган топ, кезек-кезеги менен жолдорго кум, туз сээп турат.

Белгиленгендей, биринчи жарым жылдыкта шаардагы негизги көчөлөрдөгү карларды тазалоого 29 даана унаа чыккан.

Бул жылы “Тазалык” ишканасынын карамагына өткөн көчөлөрдүн саны өскөн. Мындан улам, 2017-2018-жылдары кыш мезгилине 11 миң тонна кум жана 850 тонна туз сатылып алынган. Учурда аларды мекеменин базасына алып келүү иш аракеттери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий