• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Тазалык” ишканасы таштанды челектерин дезинфекциялайт

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардагы таштанды салынуучу челектерди дезинфекциялоо ишин баштады. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин кызматкерлер 1485 таштанды контейнерин дезинфекциялаган. Алгач челектерди жуучу каражаттардын жардамы менен жууп, андан соң ичин хлор менен тазайлайт. Бул багыттагы иштер уланып жатат.

Учурда Ленин районунда жалпысынан - 510 кантейнер, Биринчи май районунда - 405, Свердлов районунда - 570 даана таштанды челеги дезинфекцияланды.

Пикир

Оставить комментарий