• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Тазалык" ишканасына механикалык көчө шыпыргыч машиналар берилди

Коом 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Борбор калаанын муниципалитети шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоо үчүн атайын техникаларды сатып алууну улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-январда борбор калаанын мэриясында “Тазалык” муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү үч шыпыргычты тапшыруу аземи өттү.

"«Оптима Банк» демөөрчүлүк кылып, жабдууларды шаарга бекер берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул долбоор эксперименталдык, тесттик сыноолордон өткөндөн кийин Бишкек шаарынын мэриясы мындай механикалаштырылган жардамчыларды массалык түрдө сатып алууну пландаштырууда.

MEP ECOVAC - кесиптик кол машина модели болуп саналат. Анын жардамы менен шыпыргысы бар адамга караганда, 10 эсе тез тазалоого болот.

Капталындагы щетка менен тазалоочу жолдун туурасы 730 мм, борбордук щетка менен тазалоочу жолдун туурасы 500 мм, ылдамдыгы 3 км/саат, таштанды контейнеринин жалпы көлөмү 30 литр, машинанын салмагы 25 кг.

Пикир

Оставить комментарий