• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Тазалык" ишканасына Өзбекстандын таштанды ташуучу унаалары сатып алынат

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасына 30 млн сомго 5 даана жаңы атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди

Анын айтымында, конкурс өткөрүлүп, жеңүүчү деп атайын техникалык чыгарган өзбекстандык "Krantas Group" компаниясы табылды.

“Техниканы сатып алуу үчүн каражат шаардык бюджеттен каралган. Техникаларды катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана шаарды санитардык тазалоо үчүн колдонуу пландалууда. Анткени, борбор калаанын таштанды ташуучу унааларынын 20-30 пайызы ай сайын бузулуп, таштандылардын чогулуп калышына алып келүүдө”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө катуу таштандыларды чыгаруу жана санитардык тазалоо линиясында 53 атайын техника иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий