• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Тазалык” ишканасынын мурдагы директору Рыспек Сарпашев үй камагына чыкты

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору болуп иштеген С.Р.А. (Сарпашев Рыспек Анакович) үй камагына чыкты. Мындай чечим Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

C.P.A. 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынып, сот залынан бошотулду. Сот Сарпашев 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтурганын белгиледи.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Рыспек Сарпашев кармалып, ага карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий