• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Тазалыктын” кызматкерлери “Ала-Тоо” аянтынын аймагын жаңы гүл композициялары менен кооздошууда

Коом 0

Бишкек, 25.05.18 /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) кызматкерлери “Ала-Тоо” аянтынын аймагын жаңы гүл композициялары менен кооздошууда. Көпөлөк жана “төгүлгөн” кереметтерден турган гүл композициялары Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги сүрөт галлереясынын тушунда жайгашат.

Отургузуу үчүн гүлдүн бир нече түрү тандалып алынган.

Эскерте кетсек, мурда “Тазалык” МИнин кызматкерлери тарабынан борбордук “Ала-Тоо” аянтына саат түрүндөгү гүл композициясы отургузулган, ал Бишкек убактысын так көрсөтүп турат.

Бишкек шаардык мэриясы “Тазалык” МИнин кызматкерлеринин эмгегине аяр мамиле кылып, жасалган сулуулуктарды бузбоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий