• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Тазалыктын" кызматкерлери Бишкектеги санитардык постторду алууда

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги санитардык постторду алууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"1- 00майдын түнүнө карата Бишкектеги ички посттор алынат. "Тазаалыктын" кызматкерлери тосмолорду, чатырларды жыйнай баштады", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, шаардагы ички посттор алынат, бирок шаарда жөө жана унаа кайгуул кызматкерлери иштей беришет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилген.

Ошол эле учурда Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий