• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Тазалыктын” кызматкерлери шаар көчөлөрүн түндө жааган кардан тазалоодо

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. “Тазалыктын” кызматкерлери шаар көчөлөрүн түндө жааган кардан тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тазалыктын" кызматкерлери түнкү саат 2ден тарта шаар көчөлөрүн кардан тазалоого чыгышкан.

"300 тоннадан ашык техникалык туз себилди. Жалпысынан акыркы сутка ичинде көчөлөргө 526 тонна туз чачылды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн тазалоо иштерине 24 кызматкер жана 37 атайын техника, 24 кар жүктөгүч тартылган.

"Бишкек шаары боюнча 663 көчө шыпыргыч, "Тазалыктын" 117 кызматкери штаттык тартипте иштеп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927;

- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) – 0 772 192 074;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 666 096;

- Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — 0551 571823

Ошондой эле мэриянын Call-борборуна күнү-түнү 1850 жана 1840 номерлерине чалып, сүрөттөрдү 0554-182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий