• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Тазалыктын" кызматкерлери шаар көчөлөрүндөгү карды тазалоого чыгышты

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаарды кардан тазалап, кум-туз аралашмаларын төгүп жатат. Бул тууралуу “Тазалык” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолго кум-туз аралашмаларын төгүү, карды тазалоо иштери эртең менен башталган. Тазалоо иштерине 33 атайын техника тартылган. Ошондой эле жөө адамдар баскан жолду 740 короочулар тазалоодо.

Ишканадан билдиришкендей, жай мезгилинде жол жээгине туура эмес токтотулган унаалардан улам ал жерлер тазаланбай калса, кышкысын кум-туз себилбей калат.

Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, ар бир мекеме өзүнүн карамагына кирген тилкени тазалап, кышкысын кум-туз себип турушу керек.

Пикир

Оставить комментарий