• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

“Тазалыктын” жумушчулары кыштын күтүлбөгөн белектери менен күрөшүүдө - мэрия

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары шаарды кечээ жааган кардан тазалоону улантышууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кар тазалоого 114 тонна кум, 12 тонна туз сарпталып, 14 атайын техника менен жакшыртуу бөлүмүнүн 16 жумушчусу чыкты.

Бишкек шаары боюнча тазалоо иштеринде “Тазалыктын” жана шаардык жергиликтүү аймактык башкармалыктардын жумушчулары иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, жолдорго кум чачуу, тоңдорду тазалоо боюнча тапшырыктарды сүрөтү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү телефон номерлерине жөнөтсөңүздөр болот.

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — ‪0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — ‪0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — ‪0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — ‪0555 447 154.

Пикир

Оставить комментарий