• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Тазалыктын” жумушчулары шаар көчөлөрүн кардан тазалоодо. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары эки күндөн бери шаардын көчөлөрүн, тротуарларды, аялдамаларды кардан тазалап жатышат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, тазалоо иштерине бүгүн эртең менен 20 кызматкер, 38 атайын техника тартылып, көчөлөргө 213 тоннадан ашуун туз себилген.

Андан тышкары, шаар боюнча штаттык тартипте 700 кызматкер иш алып барууда.

Эскерте кетсек, жолдорду тазалоо, кум себүү боюнча билдирмелерди төмөнкү номерлерге сүрөттөрү менен бирге жиберүүгө болот:

-Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927 же (0312) 656878;

-Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — 0 772 192 074 же (0312) 576380;

-Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 666 096 же (0312) 661537;

-Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806 же (0312) 360707.

Ошондой эле мэриянын Call-борборуна күнү-түнү 1840 жана 1850 номерлерине чалып, сүрөттөрдү 0554-182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий