• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Таж-Махал полициясы рогатка менен тентек маймылдарды кууп жатышат

Дүйнө 0

Бишкек, 26.01.19. /Кабар/. Таж-Махалда коопсуздук үчүн жооптуу полиция кызматкерлери көрүүчүлөрдү тажаткан макака маймылдарды рогатка менен кууп жатышат. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Индиянын Агра шаарында орун алган Таж-Махалдын кире беришинде кутурган маймылдардын тобу тамак издеп жүрүшөт. Алар тарыхый эстеликти көрүүгө келген адамдардын тамагына кызыгат. Анткени, коопсуздук кызматкерлери көрүүчүлөргө күмбөздүн аймагына тамак-аш алып кирүүсүнө уруксат бербегендиктен оокаттар сыртта калтырылат.

"Биз рогатканы алып чыкканыбызды көргөндө эле маймылдар чочулашарын байкадык", - дейт коопсуздук кызматынын башчысы Бридж Бушан.

Бул тарыхый эстеликтин өзүндө жана айланасында 500-700 макака жашайт. Эксперттер шаар турмушу алар өмүр сүргөн аймактарга кирген сайын маймылдар ачуулу болуп жатканын белгилешет.

Ошентсе да Бушан Таж-Махалдын күзөтчүлөрүнө маймылдарга кол салбай, туристерди тажаткан жаныбарларды коркутуп качырып туруу тапшырмасы берилгенин айтат.

Белгилей кетсек, Могол империясынын падышасы өзүнүн сүйгөнү үчүн тургузган күмбөз-сарайга күн сайын 25 миң көрүүчү келет. Көрүүчүлөр өтө эл көп болгон учурда алардын саны 80 миңге жетет.

Пикир

Оставить комментарий