• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажик аскерлери кыргыз чек арачыларынын унаасына таш ыргыткан — КР Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек арачылары бара жаткан унаага таш ыргытып, аларды кармап кетүүгө аракет көргөн. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Борбордук транзиттик унаа жолундагы "Бостон" май куюучу жайында Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлери Honda Accord үлгүсүндөгү унаа менен бурулуп жатканда, коңшу өлкөнүн беш чек арачысы таш ыргыткан.

Мындан сырткары, тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерин кармоого аракет көрүшкөн.

"Чек арачылар жабыркаган жок. Бирок унаанын айнеги сынган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча териштирүү иши жүрөт. Ошондой эле Лейлек менен Ганчи райондорунун чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий