• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажик авиакомпаниялары Орусияга билет баасын 23% жогорулатышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Тажик авиакомпаниялары быйыл Орусия багытында авиабилеттердин баасын 23 пайызга жогорулатышты. Бул тууралуу Тажикстан президентинин алдындагы статистика комитети билдирди. Авиабилеттер кымбат болгондуктан, тажикстандыктар Ташкент же Бишкек авиакомпанияларынын кызматын пайдаланышууда.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, Душанбе-Москва каттамындагы эң арзан авиабилеттин баасы 1300 сомониден ($140) 1700 сомониге ($185) чейин жогорулаган. Бул Орусия багыты боюнча Борбор Азиядагы эң жогорку баа. Маселен, Бишкек-Москва каттамы боюнча эң арзан билет 3500 рубль ($55) турат.

Тажикстан жарандык авиация агенттиги Орусия багытына билеттер кымбаттаганын тастыктады. Анын айтымында, авиабилеттердин наркы күйүүчү майдын баасынан көз каранды. Мындан тышкары учактардын чет өлкөдөгү ремонту кымбат. Агенттиктин жетекчисинин биринчи орун басары Азиз Набизоданын билдиришинче, аймактагы башка өлкөлөрдө күйүүчү май эки эсеге арзан.

Тажикстанда эки гана компания – TajikAir жана SomonAir бар. Алар америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактарын колдонушат. Быйыл 1 миллион киши Душанбенин эл аралык аэропортунуну кызматынан пайдаланган.

Пикир

Оставить комментарий