• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажик бажы кызматынын басма сөз катчысы эсине келбей көз жумду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Тажикстан Бажы кызматынын маалымат борборунун башчысы, подполковник Фахриддин Собиров эсине келбей, ооруканада жан берди.

Буга чейин ИИМдин Душанбе шаары боюнча башкармалыгы Тажикстан Бажы кызматынын басма сөз катчысы кол салууга кабылды деген маалыматты төгүндөгөн. Шаардык милиция видеокөзөмөл камералары текшерилгенин билдирген. Окуя болгон жерге келген “Тез жардам” кызматкерлери подполковниктин кан басымы жогору болгонун айтышкан.

Фахриддин Собировдун кол салууга кабылганын анын туугандары маалымдашкан. Маркумдун улуу эжеси Сайёра Собирова Фахриддинди арматура менен башка чаап кетишкенин белгиледи. “Аны ооруканага алып келгенде, эс-учун жоготуп койгон. Дарыгерлер Фахриддин жыгылып, ташка башы менен тийген деген версияга ынанышкан жок. Алар инимдин оор соккуга кабылганын айтышууда ”, - деди ал.

Фахриддин Собиров Тажикстан Бажы кызматынын маалымат борборунун башчысы болуп бир жума мурун дайындалган.

2013-жылы Бажы кызматынын ошол кездеги маалымат катчысы Абдурахим Умаров дагы белгисиз кишилер тарабынан ур-токмокко алынган.

Пикир

Оставить комментарий