• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик бийлиги ЕККУнун Душанбедеги кеңсеси жабылышы мүмкүн экенин эскертти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Тажикстан өкмөтү ЕККУнун адам укуктары боюнча жыл сайын өтүүчү жыйынына чакыруу ала элек. Отурум 9-11-сентябрда 57 өлкө өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Тажик бийлиги менен ЕККУнун ортосундагы мамиле соңку эки жылдан бери солгундап кеткен.

2016-жылы өлкөдө тыюу алынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен “Группа 24” кыймылынын тарапташтары ЕККУнун Варшавадагы жыйынына катышышкан. Тажикстандын расмий делегациясы нааразылык иретинде отурумдун аягына чейин катышпай, чыгып кеткен.

Жакында Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары эгер ЕККУ Варшавадагы жыйналышта терроризмге айыпталган жана эл аралык издөөдө жүргөн кишилерге аянтча түзүп берсе, Тажикстандагы ЕККУнун кеңсеси жабылышы мүмкүн экенин жазды.

Былтыр тажик бийлигинин эскертүүсүнө карабай, оппозиция өкүлдөрү кеңешмеге катышкан. Ада тажик бийлигинин талабы менен ЕККУнун өлкөдөгү беш талаа кеңсеси жабылган, ЕККУнун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн макамы Душанбедеги программалык кеңсе болуп төмөндөтүлгөн. Ошондон бери кеңсе ар бир программасын тажик өкмөтү менен макулдашууга тийиш.

Тажикстандын адам укуктары боюнча өкүлчүлүгү ЕККУдан чакыруу келбегенин билдирди. Мамлекеттик башка түзүмдөр “жаңжалдуу” жыйынга катышууну каалабай турганын айтышты. Ошол эле маалда чет өлкөдөгү тажик оппозиционерлери отурумга катышууга ниеттенишүүдө.

ЕККУнун жоболоруна ылайык, расмий чакыруу эч кимге жөнөтүлбөйт. Талап боюнча ар бир өлкө, уюм же топ отурумга катышуу үчүн алдын ала билдирме жөнөтүшү керек. Андан кийин гана аларга чакыруу кагазы жолдонот.

Пикир

Оставить комментарий