• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажик бийлиги өлкөдө расалык басмырлоо жок экенин билдирүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. Тажикстанда расалык басмырлоо жок. Бул тууралуу Женевада өтүп жаткан БУУнун расалык басмырлоону жоюу боюнча комиссия жыйынында өлкөнүн делегация мүчөлөрү билдиришти.

Тажикстандын атынан баяндама жасаган өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон акыркы беш жылдын ичинде өлкөдө расалык басмырлоо белгилери менен бир дагы кылмыш иши козголбогонун белгиледи.

Маалыматтарга караганда, Тажикстанда 120га жакын улуттун өкүлдөрү жашайт. Андан сырткары 20дан ашык улуттук топтор, анын ичинде түркмөн, казак, кавказ улуттарынын, уйгур, татар, башкыр, кыргыз, корей, өзбек, армян, осетин, грузин, поляк жана бир канча орус топтору бар.

Бул боюнча альтернативдүү баяндама жасаган орусиялык «Мемориал» борборунун өкүлдөрү Тажикстанда лөлүлөр (борборазиялык цыгандар), памирликтер жана ягнобдуктар басмырлоолорго дуушар болорун билдиришти. Укук коргоочулар алардын этникалык өз алдынчалуулугу, тили жана маданий баалуулуктары мамлекет тарабынан таанылбагандыгын, билим берүү тармагында аларга колдоо жоктугун жана мамлекеттик органдарда ал азчылык өкүлдөрүнүн өтө аз экендигин белгилешти.

Расмий Дүйшөмбүнүн өкүлдөрү жооп катары өлкөдө сейрек кездешкен тилдерди өнүктүрүү боюнча ондогон программалар ишке ашырылып жаткандыгын жана лөлү балдарынын мектепте окуусуна түзүлгөн шарттар тууралуу айтышты. Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмурод айрым райондордо өзбек улутундагы балдардын тажик мектептеринде билим алып жаткандыгын мойнуна алды. Бирок бул ата-энелердин өзүлөрүнүн тандоосу экенин белгиледи.

Расалык басмырлоонун бардык түрүн жоюу тууралуу эл аралык конвенция БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1965-жылы кабыл алынып, 1969-жылы күчүнө кирген. Ага 175 мамлекет кол койгон жана алар Комитет алдында аталган эл аралык укуктук документтин аткарылышы боюнча отчет берип турушат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий