• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик бийлиги укалоочу салондордо көзөмөлдү күчөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Дүйшөмбү бийлиги укалоочу салондордун ишин кечки саат 10дон кийин чектөөнү чечти.

Тажикстандын борборундагы үч укалоочу салондун кожоюндары мындай чечимге нааразы. Алардын айтымында, кардарлардын көбү массажга иш бүткөн соң келишет. Кечке чейин иштөөгө тыюу салынгандыктан, кардарлардын көбүн жоготобуз деп кабатыр болушууда.

Душанбелик укалоочу Ясминанын айтымында, мамлекеттик орган өкүлдөрү тез-тез текшерүү менен келишүүдө. “Көптөгөн кардарлар эс алдыруучу укалоону сурашат. Бирок бизге андай массаждарды сунуштоого тыюу салынды. Болгону дарылоочу-профилактикалык массаждарды жасайбыз”, - деди ал.

Тажикстанда эки жыл мурун сойкуларга каршы көзөмөл күчөтүлгөндөн кийин алардын айрымдары укалоочулукка өтүшкөн.

Буга чейин тажик телеканалдарында сертификаты жок жана интимдик кызмат көрсөткөн бир нече укалоочу салондордун ачыкка чыкканы көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий