• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажик дыйкандары пияз баасынын кескин төмөндөшүнө тынчсызданышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Тажикстандын Согди облусундагы фермерлер пияздын баасынын кескин төмөндөп кеткенине тынчсызданышууда. Алардын айтымдарында, быйыл пияздын түшүмү мол болгону менен, баалдардын төмөндүгүнөн улам дыйкандар чыгымга учурап жатышат.

«Азыр ишкерлер биздин пияздарды килограммын 30-40 дирамдан сатып жатышат. Мындай баалар биздин чыгымдарды жаппайт. Кышында баа көтөрүлөбү деп үмүттөнүп жатканбыз. Азыр пияздар четинен бузула баштады», — деп билдирди Пенжикент районунда жашаган Шавкат Шарифов аттуу дыйкан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дыйкандар былтыр пиязды өтө көп өстүрүп алышканын билдиришүүдө.

​«Былтыр буудай менен арпа өстүрүүгө тыюу салынган, пияздын баасы болсо 2 сомониге чейин жеткен. Ошондуктан дыйкандар пияз өстүрүүнү чечишкен. Түшүм мол болуп, баалар абдан төмөндөп кетти. Дыйкандар болсо былтыркыдай эле 1,5-2 сомониден саткылары келип жатат», — деди акимчилик кызматкерлеринин бири.

Согди облусунун айыл чарба башкармалыгынын төрага орун басары Алишер Додобоев дыйкандар эмне өстүрүүнү өзүлөрү билишерин жана чыгымдар үчүн дагы өзүлөрү жооптуу экенин билдирди.

​«Биз жердин сапатына карап, аларга тигил же бул өсүмдүктү өстүрүү боюнча гана сунуш беребиз. Эмне өстүрүү керектигин алар өзүлөрү чечет. Дыйкандарга пиязды чет өлкөлөргө экспорттоого эч ким тыюу салган жок. Мисалы былтыр облустан 76 тоннадан ашык пияз экспорттолгон», — деди ал.

Пикир

Оставить комментарий