• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажик өкмөтү «Сантгуда» ГЭСинин акцияларын сатып алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Тажикстан өкмөтү калктан «Сангтуда-1» ГЭСинин акцияларын номиналдык нарк менен сатып алат.

1996-жылы «Сантгуда» ачык акционердик коомунун алгачкы акциялары чыгарылган, бир акциянын наркы 3 миң тажик рубли же 10 доллар турган. Баалуу кагаздар 500 миң долларга сатылганы кабарланган. Акча «Сангтуда-1» ГЭСинин курулушуна жумшалган.

Тажик өкмөтү ГЭСтин акцияларын сатып алуу чечимин 2018-жылдын аягында кабыл алган. Бул үчүн 10 миллион сомони (1 миллиондон ашык доллар) бөлүнгөн.

Учурда бир акциянын баасы 10 доллар турат.

«Сангтуда-1» ГЭСи – СССР тарагандан кийин постсоветтик аймакта курулган жана пайдаланууга берилген алгачкы гидроэлектростанция.

ГЭС 2005-2009-жылдар аралыгында салынган. Орусия инвестиция иретинде 16 миллиард рубль бөлгөн. ГЭСтин алгачкы гидроагрегаты 2008-жылы электр энергиясын чыгара баштаган.

Орусия компанияларынын «Сангтуда ГЭС-1» АККнын уставдык капиталындагы үлүшү 75%, Тажикстандыкы 25% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий