• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тажик операторлору “Кыргызтелекомго” 1,3 млн доллардан ашык карыз

Экономика 0

БИШКЕК, 08.08.2017 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Тажик операторлору интернет кызматы үчүн “Кыргызтелекомго” 1 млн 349 миң АКШ долларын карыз болуп калган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кезектеги жыйынында “Кыргызтелекомдун” жетекчиси Нурлан Мадаминов билдирди.

“Кыргызтелекомдун” берген маалыматына ылайык, Тажикстандын “Сатурн Онлайн” байланыш операторунун карызы 662 миң 613 долларды түзгөн. Эл аралык сот компанияны карызды төлөөгө милдеттендирген, анткен менен тажик тарап арбитраждын чечимин аткарбай жатат”,-деди Мадаминов.

Ал эми “Телеком Технолоджи” деген дагы бир Тажикстандын байланыш операторунун “Кыргызтелекомго” карызы 687 миң 219 долларды түзөт. “Кыргызтелеком” булардын үстүнөн дагы эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Мадаминов тажик министирлер кабинети менен бул суроону талкуулоо үчүн, маселени өкмөттүн кароосуна алып чыгууну суранды.

Пикир

Оставить комментарий