• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажик спортчусу кызытма колдонгондугу үчүн мелдештерден 4 жылга четтетилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Эл аралык самбо федерациясы (FIAS) кызытма колдонгондугу үчүн тажик спортчусу Умед Хасанбековдун 2023-жылдын февралына чейин эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салды.

Федерациянын маалыматына ылайык, тажик балданы Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (WADA) тарабынан тыюу салынган дарыларды колдонгон.

Эл аралык самбо федерациясынын сайтына жарыяланган тизмеге жалпысынан 10 өлкөнүн 19 спортчусу киргизилген. Алардын ичинде Орусиянын алты жана Казакстандын төрт балбаны бар. Мындан тышкары спортчулары кызытма колдонгондугу үчүн эл аралык мелдештерден 2 жана 4 жылдык мөөнөттөргө четтетилген өлкөлөрдүн ичинде АКШ, Бельгия, Венесуэла, Парагвай, Сербия, Кыргызстан жана Монголия бар.

Эл аралык самбо федерациясынын чечими менен Умед Хасанбеков былтыр сентябрда Индонезияда өткөн XVIII жайкы Азия оюндарында уткан күмүш медалынан ажыратылды.

2015-жылы декабрда Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Катардагы Азия биринчилигинде допинг колдонгондугу үчүн эркин күрөш боюнча Тажикстан курамасынын балбаны Зелимхан Юсуповду эл аралык мелдештерден төрт жылга четтеткен.

Пикир

Оставить комментарий