• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик тарап чек арадагы абалды курчутуп жатат – КР Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү

Коом 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды туруксуздаштыруу аракети болбошу керектигин билдирет.

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү:

"Кыргызстандын чек арачыларына биринчи болуп ок аткан Тажикстандын чек ара кызматкерлеринин аракеттерине караганда, абалды "жасалма туруксуздаштыруу" тажик тарапка гана пайдалуу – акыркы убакта алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды үзгүлтүксүз түрдө курчутуу тактикасына өттү.

2020-жылдын 23-майынан тарта Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары тарабынан Кыргызстандын аймагында – Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жергесинде бодо малын жаюу аракеттери көрүлдү.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскерлеринин аскер кызматкерлери "Ворух" анклавынын айрым тургундарынын Кыргызстандын аймагында мал жайып жүргөнүн эки күн бою карап отуруп, аларга карата эч кандай чара көргөн жок.

Жыйынтыгында кыргыз тараптын мыйзамдуу талаптарына Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек арачылары тарапка ок атты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара аскерлеринин басма сөз борборунун аталган окуя боюнча ММКларда жарыяланган билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алды.

Тажик тарап андай импульсивдүү билдирүүлөрү, ар кандай деструктивдүү күчтөргө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чырларды курчутушуна түрткү берерин түшүнүшү керек.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн тажик кесиптештерин чек арада чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укук жана эки тараптуу жетишилген макулдашуулардын алкагында сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий