• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажик тарап «Кулунду - унаа жолу» бекетин бир тараптуу негизде жапты – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаа жолу» өткөрмө бекети бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, аталган көзөмөл өткөрмө бекетинен тышкары башка өткөрмө жайлары адаттагыдай иштеп жатат.

«Тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду - унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө башка өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок», - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрмө жайы жайгашкан.

«Кулунду - унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт. Ал Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн эртең менен Баткен облусуна барды, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Чек арадагы чатактын натыйжасында бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик 1978-жылкы Равшан Муминов курман болду. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий