• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажик тараптын эки тараптуу макулдашууну бузгандыгы боюнча комиссия түзүлүп, териштирет — Ташиев

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тажик тараптын ок атууну токтотуу боюнча эки тараптуу макулдашууну бузгандыгы үчүн комиссия түзүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, президенттин тапшырмасынын негизинде комиссия түзүлүп, баарын териштирип чыгат.

Ташиев чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштурууну макулдашканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-январда саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 мүнөткө токтогон. Бирок ага карабай тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан тарапка ок атууну кайра баштаган.

Пикир

Оставить комментарий