• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажик тектүү Manizha Россиянын атынан "Евровидение" сынагына катышат

Дүйнө 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Быйыл май айында Нидерландыда өтө турган "Евровидение" сынагына Россиянын атынан ырчы Manizha катышат. Ал Биринчи канал уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө жеңүүчү аталган.

Сынакта Manizha "Russian woman" ("Орус аялы") ырын ырдайт.

Былтыр конкурста Little Big тобу өнөр көрсөтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ыр сынак өтпөй калган. Быйыл Little Big сынакка катышуудан баш тарткан.

Топ инстаграм баракчасына: “Биз “Eurovision-2021” сынагына барбайбыз. Россияда таланттуулар көп. Аларга да мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш”, - деп жазды.

Manizha - Манижа Сангиндин чыгармачыл аты. Ал 1991-жылы Тажикстанда туулган. Бирок үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенген. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон.

Eurovision сынагынын уюштуруучулары пандемияга карабай иш-чара быйыл офлайн-форматта өтөрүн жарыялаган. Бирок ага көрүүчүлөр катышар-катышпасы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий