• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик-өзбек чек арасында бир нече өткөрмө бекет ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.18./Кабар/. Марттын биринчи күнүнөн тарта тажик-өзбек чек арасында мурун жабылып калган бир нече көзөмөл өткөрмө бекеттери кайрадан расмий түрдө иштей баштады.

«Хаштяк-Бекабад» өткөрмө бекетинин ачылыш аземине эки өлкөнүн аткаминерлери жана Тажикстан менен Өзбекстандын чек арага жакын аймактарында жашаган жүздөгөн тургундары катышты.

«Хаштяк» Тажикстандын Спитамен районунда жайгашкан, ал Өзбекстандын Бекабад облусу менен чектеш.

1-мартта «Саразм-Жартепа» чек ара бекети да ачылды. Ал Пенжикент менен Самарканд чегинде жайгашкан. Мындан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы «Уратеппа-Кушкент», «Зафарабад-Хавостабад», «Хавотаг-Учтурган» жана «Навбунёд-Поп» чек ара бекеттери дагы иштей баштады.

Өзбекстанды Шавкат Мирзиёев жетектей баштагандан бери эки өлкө ымаласы жакшырып, ушул кезге чейин чек арадагы жабык турган 14 пункттун тогузу ачылды.

9-мартта Мирзиёев биринчи мамлекеттик сапар менен Душанбеге барат. Кол коюла турган 20 документтин арасында чек ара маселелери бар экени кабарланат.

Пикир

Оставить комментарий