• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик-өзбек чек арасында болгон жер титирөө Баткенде сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Тажик-өзбек чек арасында болгон жер титирөө Баткенде сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-мартта саат 10:44тө Тажикстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол, Сары-Өтүк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий