• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик жарандары эртеңден тарта Өзбекстанга визасыз кире башташат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстандын жарандарына 16-марттан тарта визасыз режим киргизүү тууралуу токтомго кол койду.

Өзбекстандын мамлекеттик ММКлары кабарлашкандай, 14-мартта Мирзиёев өткөн аптада эки өлкө президенттери тарабынан макулдашылган визасыз режим тууралуу өкмөт аралык келишимди бекитүү жараянын баштоону тапшырды.

Токтомго ылайык, макулдашуу эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин иштей баштайт. Бирок 16-марттан тарта Тажикстандын жашоочулары буга чейин берилген атайын документтер менен Өзбекстанга 30 күнгө чейин визасыз кире алышат.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы визасыз режим тууралуу макулдашууну кийинки аптада ратификациялоону пландап жатат.

Эки өлкө жарандарынын 30 күнгө чейин бири-биринин аймагына визасыз кирип-чыгуусуна мүмкүндүк берген макулдашууга Тажикстан менен Өзбекстандын президенттери Мирзиёевдин Душанбеге сапары маалында 9-мартта кол коюшкан.

Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга сапарынын алдында өзбек-тажик чек арасында 9 автоунаа жана бир темир жол өткөрүү бекети ачылган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий