• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажик жарандары Өзбекстанга ички паспорттор менен кире албай жатышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын айрым жашоочулары Өзбекстанга ички паспорттор менен кире албай жатышат. Мурдараак эки өлкөнүн бийликтери чек аралаш райондордун тургундарына ички паспорттор менен беш күндүк мөөнөткө коңшу өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат беришкен.

Өзбекстан менен чектешкен Турсунзаде районунун жашоочусу Азим Муродовдун айтымында, буга чейин чек арадан ички паспорттор менен эле өтүп келишкен болсо, 25-марттар тарта чек арачылар өткөрбөй калышкан. «Чек арага жакын жашаган тургундардын көбү коңшу өлкөнүн ажайып жерлерин көрөлү деп барышпайт. Алар товар алып, аз да болсо акча таап алалы деп барышат. Ошондуктан бийлик аларга жеңилдик бериши керек», - деди ал.

Ушундай эле көйгөйгө Согди облусундагы Канибадам районунун тургундары да туш болушкан. Алардын бири 25-мартта Фейсбук баракчасына мындай деп жазды: «Андан көрө чет элдик паспорттордун баасын төмөндөтүшсө болмок. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө тышкы паспорттор мынчалык кымбат эмес. Мисалы, бизде дээрлик 800 сомониге (90 долларга жакын) жетсе, коңшу Кыргызстанда болгону 80 гана сомони турат».

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы жаңы эрежелерге ылайык, эки өлкө жарандары бири-биринин аймагына тышкы паспорттор менен гана кирип-чыга алышат.

Ал ортодо 30 күнгө визасыз режим киргизилгенден кийин тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл өткөрүү бекеттеринде адамдар көбөйгөнү кабарланууда. Айрым жарандар чек арада бир канча саат кезекте тургандыктарын айтышууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий