• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тажик жоокери маңзат аткезчилерине көмөк көрсөткөнү үчүн 15 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Дүйшөмбү гарнизонунун аскер соту 9-октябрда маңзат аткезчилерине көмөк көрсөткөн жоокерди 15 жылга эркинен ажыратты. Ооганстан менен чектеш Фархор аймагындагы чек ара тозотунда кызмат өтөгөн 18 жаштагы Азимжон Дустматов быйыл январь айында кармалган.

Жоокер кызмат абалынан пайдаланып маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү, аткезчилик, кутумга баруу менен чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүнү уюштуруу, чек ара кызматынын тартиптерин бузуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Бул факт боюнча дагы бир нече киши кармалган. Тажикстан ИИМи январдагы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Фархор аймагында эки жаранды 6 килограмм апийим менен кармаган. Алардын көрсөтмөсүнүн негизинде чек ара тозотунун офицери Саидшо Ташрипов менен жоокер Азимжон Дустматов кармалган.

Сот эки аткезчини 11 жылдан эркинен ажыраткан, ал эми офицердин иши кошумча иликтөөгө жөнөтүлгөн. Сот жараянында жоокер Азимжон Дустматов алдын ала кутумга баруу менен жергиликтүү жана ооган аткезчилеринин чек арадан өтүүсүнө “көз жуумп” турганы белгиленди.

Сотто жоокер тагылган күнөөлөрдү четке какты. Ал армияга өз эрки менен барган.

Пикир

Оставить комментарий