• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажик журналисти роза гүлүн таратуу менен үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. «Гендердик зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган эл аралык акциянын алкагында Душанбеде жергиликтүү журналист Сурайё Шуджоа көчөдөгү эркектерге 101 роза гүлүн таратты.

Анын айтымында, гүлдөр үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүүдөгү эң мыкты курал болуп эсептелет.

«Бүгүн жок дегенде 101 эркек үйүнө роза гүлүн көтөрүп барып, жубайына жылуу сөздөрдү айтышын каалайм», - деди журналист.

Ал көчөдөгү бардык эле эркектер розаларды алууга макул болбогонун айтып, өлкөдө аялга гүл берүү адатка айлана электигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий