• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан 25-июндан тартып Россиядагы жарандарын алып келе баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Тажикстан 25-июндан тартып Россиядагы жарандарын алып келе баштайт.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги 19-июнда билдиргендей, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск жана Екатеринбургдан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулат.

Чартердик каттамдарга биринчилерден болуп оорулуу кишилер, жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар, студенттер жана Россияга иш сапар үчүн барып кайта албай калгандар алынат. Алардын тизмесин түзүү үчүн атайын комиссия түзүлөт.

Тажикстан аэропорттору пандемияга байланыштуу 20-мартта эл аралык каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Мындан улам Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү ондогон тажикстандыктар мекенине кайта албай калышкан.

Тажикстандын бийлиги 1-июлдан тартып Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштарын билдирген. Аба жолдорун ачуу боюнча Россия, Түркия жана Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий