• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстан алтын өндүрүшүн көбөйттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Өткөн жылы Тажикстан 2018-жылга салыштырмалуу алтын өндүрүшүн 25% көбөйткөн. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2019-жылы Тажикстанда 8 тонна алтын өндүрүлгөн. Буга чейин тажик бийлиги маалыматтын жашыруун экенин билдирип, өндүрүлгөн баалуу металлдардын көлөмүн айтпай келген.

Өлкөдө жалпысынан 10 алтын өндүрүү ишканасы бар. Өткөн жылдын аягында Кытайдын ТВЕА компаниясы Тажикстандын түндүгүндөгү «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» алтын кендерин иштете баштаган.

Макулдашууга ылайык, кытай компаниясы аталган кендерди «Душанбе-2» жылуулук электр борборун курууга жумшаган акчанын ордун толтурганга чейин иштетүү укугуна ээ. ТВЕА Душанбедеги 400 МВт кубаттуулуктагы ЖЭБ-2нин курулушун 2016-жылы бүткөргөн. Ага кытай компаниясы 331,5 миллион доллар, Тажикстандын «Барки точик» ишканасы 17,4 миллион доллар жумшаган.

Мындан тышкары Кытай Душанбеден 112 чакырым алыстыкта жайгашкан «Пакрут» кенин иштетет. Андагы алтындын запасы 134 тоннаны түзөт. Тажик өкмөтү «Пакрут» кенин 2030-жылдын 2-ноябрына чейин иштетүү лицензиясын Кытайдын «Крисо Ресурсиз Лимитед» компаниясы менен «Пакрут» жоопкерчилиги чектелген коомуна берген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстан кендериндеги алтындын жалпы запасы 500 тоннага жакын. 2018-жылы өлкөдө 6,43 тонна алтын өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий