• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан AstraZeneca вакцинасынан баш тартпайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Тажикстан AstraZeneca вакцинасынан баш тартууга ниети жок. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Самариддин Ализода 18-мартта өткөн маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин бир катар мамлекеттер вакцинанын терс таасиринен улам андан баш тартышкан.

Аткаминердин билдиришинче, Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca вакцинасына байланыштуу кырдаалга көз салууда, бирок өлкө аны колдонуудан баш тартууга ниеттенген жок.

«Калкты жапырт эмдөө качан башталары аныктала элек, бирок Тажикстан COVID-19га каршы эмдөөнү AstraZeneca вакцинасынан баштайт», - деди министри. Ал өлкөдө эмдөө ыктыярдуу жана бекер болорун белгиледи.

Тажикстан AstraZeneca вакцинасынан 192 миң доза алган.

Ализода өлкө эл аралык COVAX программасынын алкагында керектүү вакцинанын 20 пайызын бекер, калганын сатып алышы керектигин айтты. Министрлик өлкө орусиялык «Спутник V» вакцинасын да сатып алышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Ошол эле маалда Тажикстан сактоо шарты кыйын болгондуктан Pfizer вакцинасын сатып албай турган болду.

Буга чейин айрым Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германия, Италия жана Франция AstraZeneca вакцинасынын терс таасиринен улам колдонууну токтотуп койгон.

Ошол эле маалда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери вакцинанын канда тромб пайда кылары так далилдене элек экенин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий