• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан ажыга баруу үчүн курактык чектөө киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. 40 жашка чыга элек Тажикстандын ондогон жарандары быйыл ажылык парзын аткара албай калышты. Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, ажыга 40 жаштан жогоркулар гана бара алышат. Умра үчүн курактык чектөөлөр жок.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети ажылык үчүн курактык чектөө киргизилгенин тастыктады. Аткаминерлер чечим көбүрөөк улгайган кишилердин зыяратка баруусу үчүн кабыл алынганын билдирди.

Комитет быйыл ыйык жайга баруу үчүн кезекке тургандардын саны кескин түрдө кыскарганын билдирди. Ошол эле маалда балдарынын жардамысыз сапарга чыга албай, жүздөгөн кары адамдар дагы ажылыктан баш тартууга аргасыз болушкан.

Былтыр Сауд Арабияга 6 миң тажикстандык зыяратчы барган. Дин иштери боюнча комитетинин Тажикстан үчүн орундарды 8 миң кишиге чейин көбөйтүү аракети натыйжа бере элек.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий