• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан барымтадан бошоткон 10 кыргызстандыктын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Тажикстан барымтадан бошоткон кыргызстандыктардын абалы канааттандырарлык, бирөө ооруканага жаткырылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кулундудагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун медиктери барымтадан кайтарылган кыргызстандыктардын саламаттыгын текшеришкен.

"Баарынын саламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда. Барымтадан бошотулгандардын бирөөнү ооруканага жаткыруу пландалууда. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, бүгүн саат 20:00дө Тажикстан барымтада турган 10 кыргызстандыкты кайтарып берген.

Пикир

Оставить комментарий