• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан бийлиги үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Тажикстан бийлиги 20-июндан тарта 100дөн ашпаган кишинин катышуусунда үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берди.

Тойду үйдө, ресторанда берүүгө болот.

Тажикстандын Дин жана салт-санааларды жөнгө салуу комитети коронавирус эпидемиясына байланыштуу 25-майда той-ашка тыюу салган. Мекеме Рамазан айы бүткөндөн бери үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берүүнү сурагандар көп болуп жатканын белгиледи.

17-июнда COVID-19дун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб той өткөрүүгө уруксат берип, акырындык менен эл аралык учуулар жандана турганын маалымдады. Маселен, 1-июлдан баштап Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштайт. Бирок жүргүнчүлөр алдын ала коронавируска тест тапшырышы керек болот.

Тажикстанда 15-июндан бери базарлар, дүкөндөр, мейманканалар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий