• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартууда — КР Чек ара кызматы

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. 3-июнь саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Тажик тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тартууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

“Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКларынын Чек ара кызматынын башчылары У. Шаршеев жана Р. Рахмоналинин бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү жана ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап ок атууну токтотпой жатканы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий