• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан чет өлкөлүктөр үчүн виза мөөнөтүн узартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Тажикстан туристтердин санын көбөйтүү максатында чет өлкөлүктөр үчүн виза мөөнөтүн 60 күнгө чейин узартты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сорижиддин Мухриддин басма сөз жыйынында билдирди.

«Бир жолу берилүүчү 30 долларлык виза менен чет өлкөлүк жарандар Тажикстандын аймагында 60 күнгө чейин жүрө алышат. 50 долларлык виза болсо өлкөгө эки айдын ичинде бир нече жолу кирип-чыгууга мүмкүндүк берет», — деди министр.

Буга чейин чет өлкөлүктөр Тажикстанда бир жолу берилүүчү виза менен 45 гана күн жүрө алган.

2019-жылы тажик өкмөтү алдыдагы үч жылды «туризм мезгили» деп атап, бул багытта программаларды ишке ашыра баштаган. Анткен менен, эксперттер өлкөдө инфраструктуралык маселелер, анын ичинде аймактарда жакшы мейманканалардын жоктугу, түз аба каттамдарынын жетишсиздиги, тейлөө деңгээлинин төмөндүгү, Интернеттин начардыгы өңдүү көйгөлөр чечилбей жатканын айтып келишет.

Расмий статистикага ылайык, жыл сайын Тажикстанга 1 миллиондон ашык чет өлкөлүк келет. Алардын ар бири орточо эсеп менен 1-2 жуманын ичинде 800-1400 доллардан коротушат.

Пикир

Оставить комментарий