• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан дезинфекциялык каражаттарды чыгара баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Буга чейин Тажикстан дезинфекция каражаттарын чет өлкөлөрдөн сатып алса, жеткирүү үзгүлтүккө учурагандыктан бийлик жергиликтүү ишкерлерге санитайзерлерди өндүрүүнү сунуштады.

Тажикстандын Химия институту имараттарды зыянсыздандыруучу каражаттарды биринчилерден болуп чыгара баштады. Суюктукту алар “күмүш суу” деп аташты. Азырынча күнүнө 200 литр санитайзер өндүрүлүүдө.

Жакын арада институт өз продукциясын медициналык беткап тиккен ишканаларга сунуштоону пландоодо.

Күмүштүн ионунда бактерияларга каршы касиет болгондуктан, коргоочу беткаптарды, халаттарды бул сууга чылап, кайра колдонсо болот.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек. Бирок өлкөдө күн сайын миңдеген беткап чыгарылууда. Жергиликтүү ишканалардын бири Италияга 11 миллион беткап жөнөтөрүн кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий