• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан: Дин кызматчысы интернетти «кылымдын оорусу» деп атады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Буга чейин дин аралык кастыкты козутуу беренеси менен соттолуп чыккан тажик дин кызматчысы Эшони Сиржиддин (Сироджиддин Абдурахмонов) интернетти «кылымдын оорусу» атады. Ал социалдык түйүндөргө чыккан 18 мүнөттүк видеокайрылуусунда калкты интернеттен баш тартып, убакытты баалоого чакырды.

Сиржиддин өз кайрылуусунда интернетти кымбаттатуу тууралуу өлкөнүн Монополияга каршы мекемесинин буйругун туура деп атаган.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы мекемеси 4-марттагы буйругу менен уюлдук байланыш операторлорду 1 Мб интернеттин баасын 5 дирамга чейин жогорулатууга милдеттендирген. 18-апрелден тарта жергиликтүү мобилдик операторлордун бир гигабайт интернети 62 сомониден (6,3 доллар) кем эмес болуп калды. Буга чейин бир гигабайт интернет 30-32 сомониге сатылып келген.

Сиржиддин интернетти «адамдарды бузукулук менен никесин бузууга түрткөн, Тажикстандагы көптөгөн балээлердин булагы» деп атаган. «Мен тажик элин интернетте же социалдык түйүндөрдө убакытты бошко кетирбөөгө чакырам», — деген Сиржиддин өз кайрылуусунда. Мындан тышкары ал динге ишенген адамдарды бийликке кыңк этпестен баш ийүүгө жана «оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон чагымчылдыктан алыс болууга» чакырган.

Өз кезегинде талдоочулар бул видеокайрылуу бийликтин демилгеси менен жаздырылган деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, бийлик элдин мобилдик интернеттин кымбатташына карата нааразылыгынан сестенген болушу мүмкүн. «Бийлик акыркы кездери дин кызматчыларын колдонууга өттү. Бирок бул жолкусунда алар жаңылып калышты. Азыр Эшони Сирожиддин мурдагыдай абройго ээ эмес жана аны мурдагыдай угушпайт», — деди жергиликтүү журналист Зафар Суфи.

Эшони Сирожиддин «Салафия» кыймылынын Тажикстандагы бейформал лидери деп эсептелинет. Ал 2009-жылы «Улут, раса жана дин аралык кастыкты козутуу» беренеси менен жети жылга соттолгон. 2011-жылы өлкө Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыска илинип, 2013-жылы жайында эркиндикке чыккан.

Тажикстанда «Салафия» кыймылы тыюу салынган диний уюмдардын катарына 2009-жылы январда киргизилген. 2014-жылы декабрда өлкөнүн Жогорку соту тарабынан бул кыймыл экстремисттик деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий