• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстан: Эмомали Рахмон 90,9% топтоп, президенттик шайлоодо жеңип чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Тажикстанда кечээ, 11-октябрда президенттик шайлоо өттү. Бул тууралуу avesta.tj сайты жазып чыкты.

Эмомали Рахмон шайлоодо 90,9% топтоп, өлкө башчы болду. Рахмонго 3 млн 837 миң адам шайлаган.

Тажикстандын президентине талапкер катары Рустам Латифзода (Агрардык партия), Абдухалим Гаффорзода (Социалисттик партия), Эмомали Рахмон (Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар союзу жана Тажикстан элдик демократиялык партиясы), Рустам Рахматзода (Экономикалык реформа партиясы) жана Миродж Абдуллоев (Коммунисттик партия) көрсөтүлгөн.

Шайлоонун жыйынтыгында Рустам Латифзода – 127 миң 746 адам же 3,03%, Абдухалим Гаффорзода – 62 миң 835 же 1,49%, Эмомали Рахмон 3 млн 837 миң 927 же 90,9%, Рустам Рахматзода 90 миң 587 же 2,15%, Миродж Абдуллоев – 49 миң 212 же 1,17% адам шайлаган.

Тажикстанда 4 млн 946 миң 289 шайлоочу катталса, 4 млн 221 миң 76 адам шайлоого катышкан. Ал жалпы шайлоочулардын 85,3%ын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий